Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

Дарья Маслова Кытайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада алтын медаль утту

Спорт
24 - Август 2017
www.erkintoo.kg
478
Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын алкагында 23-августта жеңил атлетика боюнча жөө күлүктөрдүн мелдеши башталды. 10 миң метр аралыкка жүгүрүүгө Кыргызстандын атынан Азиянын эки жолку чемпиону жана Азербайжанда өткөн Ислам тилектештик оюндарынын (2017) коло медалынын ээси Дарья Маслова катышты. Мелдешке 14 мамлекеттен 19 спортчу катышты.

Жарышта алгач япониялык спортчу Юки Мунехиса алдыда келе жаткан. Акыркы 1000 аралыкта Дарья Маслова алдыга чыгып, 10 миң метр аралыкты 33 мүнөт 19,27 секундда жүгүрүп өтүп, 1-орунду багындырды.

Ал эми Индиянын спортчусу Жадхав Санживани Бабур 33 мүнөт 22 секундда жүгүрүп келип, 2-орунга ээ болсо, коло медалды 33 мүнөт 27,89 секундда жүгүрүп келген Япониянын спортчусу Ай Хосода алды.

Маслованын алтын медалы Кыргызстан үчүн бул мелдештерде биринчи болду.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.