Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Чемпиондор лигасынын рекордчулары

Спорт
25 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
33
Футболдон чемпиондор лигасында күтүүсүз окуялар менен кошо жаңы рекорддор да жаралууда. Аргентиналык футбол жылдызы Месси ойногон Испаниянын “Барселона” клубу 23-октябрда Прагада “Славия” клубуна каршы ойноп 2:1 менен утуп кетишти. Бул беттешүүнүн 3-мүнөтүндө Месси гол жаратып өзүнүн жаңы рекордун белгиледи. Бул топ анын футболдук карьерасындагы, чемпиондор лигасындагы 113-голу болуп калды. Мындан сырткары ал аталган турнирде 15-ирет катары менен ойноп гол жаратып келет. Чемпиондор лигасындагы чабуулчулар арасында азырынча Италиянын “Ювентус” клубунда ойногон Криштиану Роналду 127 топ кийирип алдыда келет. Месси 113 топ менен 2-орунга көтөрүлүп, чемпиондор лигасынын тарыхында калмай болду. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу