Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Үч тепкичке өйдөлөдүк

Спорт
25 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
37
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) улуттук курама командалардын октябрь айындагы бедел-рейтингин кечээ 24-октябрь күнү жарыялады. Улуттук курама командалардын рейтинги алар өткөргөн эл аралык беттешүүлөрдүн жыйынтыгына жараша эсептелет. Кыргызстан 10-октябрда Бишкекте Мьянма тандалмасын 7:0, 15-октябрда Улан-Батордо Монголияны 2:1 эсебинде уткан. Жыйынтыгында 1252 упай топтоп 94-орунга көтөрүлдүк. Өткөн айда 97-орунда турганбыз. Биз менен бир топто ойногон Япония 28-орунга көтөрүлдү. Тажикстан бир тепкичке төмөндөп 116-орунда. Мьянма- 147, Монголия 186-орунга көчтү.
Көч башында, алдыңкы орундарда төмөнкү 3 команда келет:
  1. Бельгия – 1755 упай.
  2. Франция – 1726.
  3. Бразилия- 1715.
КМШ кыйырында:
22-орунда Украина – 1536 упай.
37.Россия – 1474.
85.Өзбекстан – 1287.
86.Беларусь – 1286.
90.Грузия – 1274.
94.Кыргызстан – 1252.
99.Армения – 1226.
104.Эстония – 1209.
111.Азербайжан – 1189.
116.Тажикстан – 1168.
121.Казакстан – 1157.
132.Литва – 1086.
133.Түркмөнстан – 1084.
143.Латвия – 1063.
175.Молдова – 963.
Даярдаган Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу