Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

​Бокс: Ульяновск шаарында кыздар күч сынашууда

Спорт
27 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
56
Ульяновск шаарында айымдар арасында бокс боюнча Россия Федерациясынын биринчилиги 25-октябрда башталды. 1-ноябрга чейин өтчү биринчиликке өлкөнүн 55 шаарынан чогулушкан мушкер кыздар күч сынашып күчтүүлөрдү аныкташат. Максат – Токио олимпиадасында өлкө намысын коргоочу кыздарды тандап алуу. Бул биринчилик мелдештин биринчи гана этабы. Январь айында Кисловодск шаарында мыктылардын мыктысы иргелет. Азыр ар бир салмак категориясына 8ден талапкер тандалууда. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу