Курс НБ на 02.04.2020 $82,2000 €90,0665

​Бокс: Кимдин канча жолдомосу бар?

Спорт
12 - Март 2020
www.erkintoo.kg
34
Иорданиянын Амман шаарында 29-февралдан 11-мартка чейин бокстан Токио олимпиадасына жолдомо ойнотулган турнир болуп өттү. Кыргызстан улуттук курама командасы Амман шаарына 6 мушкери менен аттанган. Азат Үсөналиев менен Маматалы уулу Нурсултан гана бирден беттешүүлөрүн утушуп, экинчи айлампада утулуп калышты. Калган 4 мушкерибиз биринчи эле беттешүүлөрүндө утулуп калышкандыктан үйлөрүнө кайтышкан. Ошентип, Кыргызстан жолдомо алган жок. Жолдомо алууга дале болсо мүмкүнчүлүк бар. 13-20-майда Парижде дүйнөлүк лицензиялык турнир өтөт. Амманда биздин кошуналар үчүн ийгиликтүү болду. Казакстан 9, Өзбекстан 7, Тажикстан 2 жолдомо жеңип алды. Түркмөнстан турнирге катышкан жок. Иорданияда жалпысынан 63 жолдомо ойнотулуп, ага 16 өлкөнүн өкүлдөрү ээ болушту. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу