Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

​Бокс: Азия биринчилигинде Өзбекстан 20 медаль жыйнады

Спорт
21 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
34
Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра шаарында бокстан жаштар арасындагы Азия биринчилиги 10-17-октябрь күндөрү болуп өттү. Мелдешке жигиттер жана кыздар командалары катышты. Кыргызстандын намысын жигиттер командасы коргоду. Бизден 12 мушкер аттанып, алардын алтоосу олжолуу кайтышты. Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло байге менен командалык эсепте 7-орунду камсыз кылды. Бирини орунду рекорддук көрсөткүч менен Өзбекстан ээледи. Жигиттер 4 алтын, 2 күмүш, 6 коло алышты. Кыздары 4 алтын, 1 күмүш, 3 коло жыйнашты. Жалпысынан 20 медаль алышты. 2-орундагы Казакстандык жигиттердин 4 алтын, экиден күмүш менен коло байгелери бар. 2 алтын жана үчтөн күмүш менен коло медалдарга ээ болгон Индия 3-орунда. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу