Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

​Бүгүн Ош – Ташкент багыты боюнча чуркоо марафону башталды.

Спорт
27 - Август 2018
www.erkintoo.kg
184
 Ага үч гана  кыргызстандык катышышкан.  Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков “Достук” марафону менен  Кыргызстан менен Өзбекстандын биримдигин чыңдоону максат кылышып,  Ош – Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун башташканын өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди. Катышуучулардын экөө ардагер - Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Марафончулар үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.