Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

​Бастиан Швайнштайгер футболдук карьерасын жыйынтыктады

Спорт
09 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
35
Быйыл 1-августта 35 жашка толгон германиялык эң атактуу оюнчулардын бири Бастиан Швайнштайгер футболдук карьерасын жыйынтыктарын жарыялады. Ал 15 жыл бою «Бавария» клубунда ойноду. 2015-2017-жылдары Англиянын «Манчестер Юнайтед» клубунда ойногон. 2017-жылдан бери АКШнын «Чикаго Файр» клубунда ойноп жүрүп футбол менен коштошту. Атактуу оюнчу көп жылдар бою Германия курама командасынын капитаны катары таанылды. 2014-жылкы дүйнө чемпиону. Германия тандалмасы үчүн 121 оюн өткөрүп, 24 гол жараткан. (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу