Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Башкы машыктыруучуларды алмаштыруу башталды

Спорт
18 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
34
Футболдон дүйнөлүк биринчиликке карата иргеп алуу оюндарында жолу болбой калган командалар башкы машыктыруучуларын алмаштара башташты. Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) курамасын аргентиналык адис машыктырганы менен өз тобунда алар 4-орунду ээлешти. Россиядагы 2018-жылы өтчү дүйнөлүк биринчиликке катышуу үчүн алдыңкы 1-2орундарды ээлеген командаларга жолдомо тийди. Италиянын “Милан” “Лацио” жана “Ювентус” клубдарын машыктырган Альберто Дзакеррони Бирикке Араб Эмираттарынын курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалды. 64 жаштагы италиялык адис 2010-2014-жылдары Япония курамасын машыктырып, 2011-жылы Азия кубогун жеңип алууга жетишкен.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу