Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Бардык жолдор Римге алып барат

Спорт
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
558
Москванын “Спартак” клубунда ойногон италиялык Сальваторе Боккетти быйыл Россиянын чемпиону болуп калса өзү туулуп өскөн Италиянын Неаполь шаарына чейин жөө басып барууга даяр экендигин айтып, командалаш досторуна убадасын берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты. Бокетти быйыл “Спартакта” ойноо мөөнөтүн 2020-жылдын 30-июнуна чейин узартты. Анын айлыгы бир жылда 2 млн еврону түзөт. Москвадан Неаполго чейинки автожолдун аралыгы 3200 чакырымды түзөт.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.