Курс НБ на 19.01.2019 $69,8393 €79,5924

Азия оюндарынын жеңүүчүсү Дарья Маслова турмушка чыкты

Спорт
14 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
91
Кыргызстандын жөө күлүгү Дарья Маслова  кечээ, 13-декабрда өзүнүн социалдык баракчасына өзүнүн үлпөт тоюнан сүрөт киргизген. Дарья Маслова сүрөттү эми киргизгени менен, үлпөт той 21-ноябрда өткөнүн маалымдады. "Үлпөт тоюбуз тууган, дос-тааныштардын коштоосунда 21-ноябрда өткөн. Жолдошум Александр Бакалов экөөбүз 4 жылдан ашуун кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнбүз. Бүгүн жолдошум экөөбүз бал айын өткөрүү үчүн Германияга учуп кетебиз", - деген Дарья Маслова. Не дейбиз, эки жаш бактылуу болушсун! (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу