Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасына лицензия утту

Спорт
16 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
160

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны  Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасына лицензия утту. Ал  Дүйнө чемпионатында 87 кило салмакта күч сынашып, көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Жунжие НА менен кездешип, 6:1 эсебинде утту. Эми Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн Өзбекстандык Рустам Ассакалов менен күрөшөт. Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки  орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.