Курс НБ на 24.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Америкада Кыргызстандын желегин желбиреткен Валентина Шевченко

Спорт
10 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
63
АКШнын Чикаго шаарында 8-июнда UFC 238 алкагындагы турнирде аралаш мушташ өнөрү боюнча аталган уюмдун эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиону жердешибиз Валентина чемпиондук курун коргоп кыргызстандыктарды сүйүнттү. Валентинанын атаандашы америкалык 33 жаштагы Джессика Ай болду. Шевченко былтыр декабрь айында чемпион болгон. Беттешүүнүн 2-раундунда Шевченконун сол буту менен узаткан соккусу америкалык кыздын башына тийип Джессика Ай терең нокаутка кабылды. Ошентип Шевченконун чемпиондук курун биринчи коргоосу ийгиликтүү өттү. Жедешибиздин ийгилигин Чикагодо Кыргызстандын желегин желбиретишкен жердештерибиз колдоп турушту. Бул Шевченконун UFC уюмундагы 8и беттешүүсү жана 6-жеңиши. Аралаш мушташ өнөрүндө жалпысынан 20 ирет октагонго чыкса 17син уткан. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу