Курс НБ на 23.08.2019 $69,7961 €77,4597

​Айымдар футболу: АКШ алдыда

Спорт
15 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
39
Өткөн жума күнү Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) айымдар футболу боюнча июль айынын рейтингин жарыялады. Жакында эле Францияда өткөн дүйнөлүк биринчиликте чемпиондук наамын сактап калган АКШ курамасы 2180 упай менен 1-орунда. Экинчи орундагы Германиянын 2059 упайы бар. Дүйнөлүк биринчиликте финалга чыккан Голландия 8-орундан 3-орунга көтөрүлдү. КМШдан Украина менен Россия 24-25-орундарда. Өзбекстан 44-орунда, Казакстан 73-сапта турат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу