Курс НБ на 25.02.2020 $69,8500 €75,8850

​«Ахал» Жалал-Абадга келген жок

Спорт
07 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
37
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогу үчүн тандап алуу оюндарынын алкагында Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» клубу 5-февралда Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда Түркмөнстандын «Ахал» клубун кабыл алмак. Стадион даярдалып, оюнду тейлөөчү калыстар Ирактан келишти. Бирок «Ахал» келбей калды. Себеби, коронавирустан кооптонуп, Кыргызстан Кытайга жакын деген шылтоо менен АФКга кат жолдогон. АФК: «Мындай кооптонууга негиз жок» деген жооп кайтарган. Ага карабастан «Ахал» келген жок. Айрым маалыматтарга караганда команда Жалал-Абадга келүүгө даяр болгону менен өлкөдө чек аралар жабылгандыгына байланыштуу чыга алышкан эмес. Эми АФК «Ахалга» карата техникалык жеңилүү ызасын тартты деген чечим чыгарабы? Азырынча белгисиз. «Нефтчи» бул турнирге Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү, «Ахал» Түркмөнстандын вице-чемпиону катары катышууда. 5-февралдагы оюн болбой калды. Жооптуу оюн 12-февралда Түркмөнстанда өтмөк.
АФКнын эрежесине ылайык «Нефтчи»-«Ахал» командаларынын, эки оюндун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүсү кийинки айлампада Тажикстандын вице-чемпиону «Худжанд» клубу менен ойноого чыгат. Мында  да алар 2 оюн өткөрүшөт да жеңгени  АФКнын 2020-жылкы кубогуна «Д» тобундагы «Истиклол» (Тажикстан), «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан) жана «Дордой» (Кыргызстан) катарына кошулуп, төртөөнүн таймашы 11-мартта башталат. (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу