Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

​АФК Кубогу: 3 жыл күттүргөн жеңиш!

Спорт
16 - Май 2019
www.erkintoo.kg
97
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун алкагында Тажикстандын чемпион клубдары Кыргызстандын чемпиондорун 3 жылдан бери катары менен утуп келишкен. Быйылкы турнирде эле биздин “Дордой” “Истиклол” менен “Худжанд” клубдарына ири эсептер менен утулуп кайткан болчу. Кечээ “Дордой” Бишкекте  4-турдагы оюнда “Истиклол” клубун кабыл алып 2:1 эсебинде жеңип алды. АФК Кубогунун алкагында борбордук чөлкөмдөн “Д” тобунда бул 2 командадан сырткары Түркмөнстандын чемпиону “Алтын Асыр” жана дагы бир тажикстандык “Худжанд” бар. 4 оюндан соң 7 упай менен “Истиклол” 1-орунда келет. Кечээ өз талаасында “Алтын асыр” “Худжанд” клубун 1:0 менен жеңип, 6 упай менен 2-орунга көтөрүлдү. “Худжанд” менен “Дордойдун” 4төн упайлары бар. 5-тур 19-июнда башталат. “Дордой” Түркмөнстанга аттанат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.