Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

​840 күн күттүргөн жеңиш

Спорт
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
33
Шотландиянын 5-дивизионунда ойногон «Форт Уильям» футболдук клубу өзүнчө рекорд жаратты. Аталаган команда 2017-жылы 12-апрелде «Стрэтспи» клубун жеңгенден бери калган оюндарда жеңилип же тең чыгып эле келди. Тагыраагы 72 оюнда 7 ирет тең чыгып, калган 65 оюнда жеңилүү ызаасын тартышкан. Ошентип, арадан 840 күн өткөн соң быйылкы сезондо «Форт Уильям» өз талаасында «Нэрн Каунти» клубун 5:2 эсебинде жеңүү менен күйөрмандарын кубантышты. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу