Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

​6 метрден аша секирген Сергей Бубка

Спорт
31 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
209
Шыргый менен бийиктикке секирүүдөн украиналык жеңил атлетчи Сергей Бубка 1994-жылы 31-июлда Италияда өткөн мелдеште 6 метр 14 см бийиктикти багындырып дүйнөлүк рекорд жараткан. Бул ачык асман алдындагы рекордду азырынча эч ким жаңылай элек. Имарат ичинде (залда) 6 метр 15 см секирген. Бубка жалпысынан 35 ирет дүйнөлүк рекорд жараткан. Дүйнөдө 6 метрден ашыра секирген биринчи инсан. Дүйнөлүк биринчиликтерде 6 ирет жеңген жалгыз рекордчу. Олимпиада оюндарынын чемпиону. Учурда Украина олимпиадалык комитетинин президенти. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.