Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

​2026-жылы Кышкы Олимпиалык оюндар Милан менен Кортина-д’Ампеццодо өтөт

Спорт
25 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
411
2026-жылы XXV Кышкы Олимпиалык жана Паралимпиялык оюндар Италиянын Милан менен Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт деп билдирди ТАСС агенттиги. Оюндарды өткөрүү орду Лозаннодо (Швейцария) Эл аралык олимпиалык комитеттин 134-сессиясында аныкталды. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын ЭОКтун президенти Томас Бах жарыялады. Ошентип, Италия Кышкы Олимпиалык оюндарды алтынчы ирет кабыл ала турган болду.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.