Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна 48 өлкө катышуусу мүмкүн

Спорт
01 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
51
 Бул тууралуу ФИФАнын президенти Жанни Инфантинонун айткандарына таянып чет элдик ММКлар жазышууда. Маалыматка ылайык, 2026-жылдагы чемпионатка 48 команда катышары анык. Ал эми 2022-жылы өтчү чемпионатка катышуучу өлкөлөрдүн саны аныктала элек. "Биз 2026-жылдан баштап чемпиондукка катышкан командалардын санын 32 ден 48 ге чейин көтөрүүнү чечтик. Бирок, бул чечим 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө биринчилигине чейин да күчүнө кириши мүмкүн. Азыркы учурда Катардагы жана жакынкы чыгыштагы досторубуз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биздин максатыбыз ишке ашат деген үмүттөмүн", деп билдирген Инфантино. Эске салсак  2026-жылкы чемпиондук АКШ, Канада жана Мексика өлкөлөрүндө өтөт. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу