Курс НБ на 28.02.2020 $69,8500 €77,0760

2019-жылдын мыкты балбандары кимдер?

Спорт
06 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
48
Дүйнөлүк күрөш федерациясы (United World Wrestling) жыл жыйынтыгы боюнча 2019-жылдагы дүйнөнүн мыкты балбандарынын ысымдарын атады. Эркин күрөштөн италиялык Френк Чамиз, герк-рим күрөшүнөн венгриялык Виктор Лоринц, айымдар арасында америкалык Тамира Менсах жылдын мыкты балбандары аталышты. Кыздар арасында биздин Айсулуу Тыныбекова 2-орунга көтөрүлгөнү сыймыктандырат. Мыктылар 2019-жылдагы жараткан ийгиликтерине жараша аныкталган. Мында 1-орунду ээлегендер 30 миң, 2-орунду алгандар 20 миң швейцариялык франк өлчөмүндө акчалай сыйлык алышат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу