Курс НБ на 02.04.2020 $82,2000 €90,0665

​ Түркмөн футболундагы тайм-аут

Спорт
16 - Март 2020
www.erkintoo.kg
28
Былтыр март айында Түркмөнстандын кичи жана чоң футбол курама командаларына башкы машыктыруучулар Хорватиядан чакырылган. Алардын келишими бир жылга түзүлгөн болчу. Кичи футболдон 45 жаштагы Роберт Гродвич жалгыз иштеди. Чоң футболду 52 жаштагы Анте Мише менен жардамчысы Сандро Томич экөө башкарды. Дүйнөдөгү коранавирус пандемиясына байланыштуу спорттогу эл аралык мелдештер токтотулгандыгына жана келишимдери соңуна чыккандыгына байланыштуу хорватиялык адистер үйлөрүнө кайтышты. Азыр алар менен келишим жаңыртылабы же жокпу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу