Курс НБ на 10.08.2020 $77,4202 €91,1352

​ 300 миң рубль жана 300 мушкер

Спорт
10 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
156
Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында бүгүн 10-декабрда бокс боюнча Россиянын жаштар арасындагы биринчилиги башталат. Ага 19-22 жаштагы мушкерлер катышып 10 салмак категориясы боюнча күчтүүлөрдү аныкташат. Мелдешке 300 мушкер катышат. Чемпион болгондор Россиянын бокс федерациясы тарабынан 300 миң рублдан сыйлык алышат. 2-орунга – 200, 3-орунга – 100 миң рубль сыйлык берүү каралган. Мушкерлердин жеке машыктыруучулары да сыйланат. Чемпиондор 15-декабрда белгилүү болот. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.