Спорт… Адреналин… Автожарыш… -ВИДЕО

Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата августтун соңунда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Дөң-Талаа айылында эл аралык авто жарыш өттү. Чет элдик спортчулар да катышып, жалпысынан 50гө жакын жол тандабас унаалар, мотоциклдер жана велосипедчендер катышышты. Экстрим спортун сүйүүчүлөр үчүн атайын саздак жана суулу, тоо-таштуу жер тандалган. Жарыш кандай өткөнүн Кара-Коо айылынын тургундардын бири Айдар Мергенов билдирди. Анын айтымында, эл аралык деңгээлдеги экстремалдык авто жарыш алгачкы жолу өтүүдө. Майрамдык иш-чара мындан ары салтка айланат деп ишенишүүдө айылдыктар.

error: Content is protected !!