Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы каза болду

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын социалдык тармактагы баракчасында айтылды.
«Тилла Текебаева жакында 90 жашка чыкмак. Ал көптөн бери ооруп жаткан», — деп айтылат билдирүүдө.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында өтөт.

error: Content is protected !!