Курс НБ на 27.11.2020 $84,7984 €101,1815

Жолчулар күнү-түнү иштешет

Саясат
18 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
38

Өлкөдөгү аймактык жана эл аралык автотрассаларды тейлеген бардык кызматтардын ишин күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков айтты. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков кыш мезгилинде автоунаа жолдорундагы коопсуздукту камсыздоого арналган жыйында "Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, жолдордо абал кыйындады. Бул өзгөчө автоунаа жолдорунун кооптуу участкаларында жана ашууларда сезилип жатат. Жол кыймылындагы мындай терс жагдайларды болтурбоо үчүн тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Бул үчүн бардык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүүсү зарыл. Бардык жолдор, өзгөчө кооптуу участкалар өз убагында кардан тазаланып турушу керек", — деди. 



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу