Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркия парламентинин Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту

Саясат
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
411

Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ТүркПА катчылыгынын Бакуда (Азербайжан) ачылган жаӊы имаратында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, саясий-гуманитардык алакаларды жакшыртуу жана парламенттер аралык мамилени чыӊдоо жаатында пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кесиптешине Түркия Республикасында болуп жаткан террактык окуяларга байланыштуу көӊүл айтып, кыйынчылык учурларда Кыргызстан түрк элин колдоого даяр экендигин кошумчалады.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктаган Чыныбай Турсунбеков: "Биз Түркия менен тыгыз кызматташууга кызыкдарбыз жана боордош мамлекет катары баардык багыттагы байланыштарды өркүндөтүүнү көздөйбүз",- деди. Ал, айрыкча, парламенттер аралык байланыш эки мамлекеттин биргелешип иш алып баруусуна жол ачаарын белгилеп, Жогорку Кеӊеш менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Аппарат кызматкерлери ортосундагы кызматташтыкты жандантуу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Түркия парламентинин Төрагасы Исмаил Кахраман да кыргыз-түрк элдери кыйын учурда бирге болуусу шарт деген оюн айтып: "Бул үчүн парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо зарыл", - деди.

Ошону менен катар жолугушууда ТүркПАнын учурдагы ишмердүүлүгү талкууга алынып, ассамблеянын Бишкекте өтчү кийинки жыйыны тууралуу баарлашты.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) катчылыгынын Бакуда курулган жаӊы имаратынын ачылыш аземине катышууга Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап  Нурбаев менен Максат Сабиров да барды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.