Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "2017-жылы ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт"

Саясат
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
394

Азербайжандын баш калаасы Бакуда курулган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) катчылыгынын жаӊы имаратынын ачылыш аземине барган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, иш-чаранын алкагында Казакстан Парламентинин Межлисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки боордош мамлекет ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү тууралуу баарлашып, парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо маселелерине токтолушту.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков быйыл Казакстан ТүркПАга төрагалык кылып турган учурда уюм катчылыгынын жаӊы имаратынын ачылышын жакшы саамалык катары баалады. "Бир тууган кыргыз-казак элдеринин ортосунда пикир келишпей турган маселе болбошу керек. Андыктан, эки өлкөнүн кызматташуусуна зарыл болгон маселелерди биргелешип чечишибиз шарт",- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Ошону менен катар Чыныбай Турсунбеков кийинки жылы ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөрүн айтып, 2017-жылдын жаз айларында боордош элдердин парламенттик ассамблеясынын жыйыны Бишкекте уюштурулары пландалып жаткандыгын маалымдады. Мындан сырткары, кесиптешин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Казакстан Парламентинин Межлисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин Чыныбай Турсунбековду Кыргызстандагы референдумдун ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктап, кызматташтыкты кеӊейтүүгө казак тарап да кызыкдар экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) катчылыгынын Бакуда курулган жаӊы имаратынын ачылыш аземине катышууга Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап  Нурбаев менен Максат Сабиров да барды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.