Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Балдарга бакыт тартуулоо баарыбыздын милдетибиз" (фоторепортаж)

Саясат
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
419
27-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы өспүрүмдөрдүн "Айданек" кайра калыбына келтирүү борборуна барып, анда тарбияланып жаткан жеткинчектерди жаӊы жыл майрамы менен куттуктады.
 
Борбордун иши менен таанышкан Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда экенин белгилеп: "Бала үчүн ата-энени эч ким алмаштыра албасы бышык. Бирок, кайсы бир себептерден улам кароосуз калган балдарды мамлекет өз камкордугуна алууну көздөйт. Андыктан, "Айданек" кайра калыбына келтирүү борборунда тарбияланып жаткан бөбөктөргө бакыт тартуулоо баарыбыздын милдетибиз", - деди.
 
Ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы балдарды эңсеп күткөн жаӊы жыл майрамы менен куттуктап, аларга ар бир жыл жакшылыктар менен коштолсун, балалык бакыттын балын таткыла деген каалоо тилегин билдирди. Андан тышкары, аталган балдар борборунда тарбияланып жаткан бөбөктөргө таттууларды тартуулап, аны менен катар эки компьютерди белекке берди.
 
Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөрдүн "Айданек" кайра калыбына келтирүү борбору 2009-жылы ачылып, 3 жаштан 18 жашка чейинки кароосуз калган балдарды тарбиялоо багытында иш алып барып келет. Учурда аталган жайда 24 бала жашайт.
 
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.