Курс НБ на 04.06.2020 $73,9200 €82,8348

Жогорку Кеңеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды

Саясат
25 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
256

Бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун кароо улантылды.

Буга чейин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, анын эл аралык рейтингдердеги позициялары, экономиканын ар кыл секторлорун өнүктүрүү жыйынтыктары, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берген.

Мындан тышкары Премьер-министр жана министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Эки күндүк талкуулардын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.