Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Жогорку Кеңеш ишин токтотпойт

Саясат
02 - Сентябрь 2016
Админ
675

Айрым ЖМКларга чыккан Жогорку Кеңеште 12-сентябрына чейин танапис жарыяланды деген сындуу маалыматтар чындыкка коошпойт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Календарлык планга ылайык, 12-сентябрга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде иштер жүрөт. Ошондой эле фракция жыйындары дагы өтмөкчү. Бир катар депутаттардын II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша тургандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйындары гана убактылуу токтотулат, делет маалыматта.

Жазгүл Кенжетаева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу