Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Жүктөрдү кымбат баада өткөрүүгө кимдер кызыкдар?

Саясат
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
441
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын ишмердүүлүгүн УКМК менен Эсептөө палатасы текшерет. Мындай тапшырма депутаттык комиссия тарабынан берилди. Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине өлкөнүн бир катар ишкерлери, жүк ташуучулары кайрылган. Анда Кыргызстанга темир жол аркылуу келе турган жүктөргө карата бирдиктүү жеңилдетилген тариф иштебей жатканы айтылган. Мындан улам ишкерлер товар ташууда 2 эсе көп акча төгүүгө аргасыз болушкан. Мунун кесепетинен, “Кыргыз темир жолу” ишканасы өлкөгө 115 миллион сом өлчөмүндө чыгым келтирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын жетекчиси Тынчтыкбек Конушбаев билдирди. “Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине өлкөдөгү ишкерлердин кайрылуусу түшкөн. Анда өлкөгө темир жол аркылуу кирген товарларга бирдиктүү тариф иштебегендигин билдиришкен. Анын кесепетинен өлкөгө 115 миллион сом чыгым келтирилгенин депутаттык комиссия изилдеп чыкты. Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн. Бирдиктүү тариф киргизилиши зарыл. Бажы биримдигине киргенибизден соң, жеңилдиктер иштеш керек эле. Биз ишти Эсептөө палатасына өткөрдүк, алар текшерип, корутундусун чыгарат”, – деди депутат.
 
Бирдиктүү тарифке өтүү 24 айга жылган
 
Бул дооматтарды Темир жол ишканасынын кызматкерлери четке кагат. Алардын айтымында, жеңилдетилген тарифти киргизүүнү 2 жылга жылдыруу демилгеси Транспорт жана жолдор министрлигине таандык. Документке министрдин орун басары Эрнис Мамырканов кол койгон. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүгүү жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Нурлан Досумбаев айтат. “Бул демилге “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан көтөрүлгөн эмес. 2015-жылы эле жеңилдетилген тарифти киргизүүгө 24 айга жылдырылган мөөнөт жол берген эмес. Мындай сунушту тармакты тейлеген мекеме катары Транспорт жана жолдор министрлиги киргизген. Казакстан да мындан улам унификацияланган тарифти ишке киргизе албайт болчу”, - дейт ишкананын өкүлү.
Деген менен Казакстан тарап 10-январда транзиттик жол менен өткөн жүктөргө жеңилдетилген тарифти киргизип, ал иштей баштады. Ал эми Кыргызстанда бирдиктүү тарифтин иштөө мөөнөтү жакынкы күндөрү күчүнө кирерин ишкана өкүлдөрү билдирүүдө.
 
 
Аткезчиликке каршы мыйзам иштеши керек
 
Кыргызстанга жылына миңдеген тонна жүктөр аткезчилик жолу менен келет. Бул мыйзамсыз аракет Кыргызстан Евразия биримдигине киргенден бери ого бетер көбөйдү деп ишкерлер тынчсызданууда. Ошондой эле, Кыргызстан жылына 1 миллион тоннадан ашуун мунайзат колдонот. Анын дээрлик 95%ы чет өлкөдөн келсе, анын да жыйырма пайыздайы контрабанда жолу менен өтөт. Мына ошол мыйзамсыз кирген мунайзаттары базар баасына таасир этерин эксперттер билдирүүдө. Коомдук активисттер аткезчиликке барган ишкерлерди жана ошого жол берип же колдоп жаткан бийлик өкүлдөрүн 1 млн сом айыпка жыгып, же 5 жылга чейин эркинен ажыратууну сунушташууда.
 
1 тонна бензинди алып өтүү 60 доллар
 
“Кыргыз темир жолу” ишканасы берген маалыматка таянсак, өткөн жылы Кыргызстанга кирген жана чыккан товардын көлөмү 1 жарым миллион тоннадан ашкан. Белгилей кетсек, жыл соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында бажы төлөмдөрүнө бирдиктүү тариф саясат Кыргызстанда да иштеши керектигин баса белгилеп, бир катар документтерге кол коюлган. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден тарта темир жол аркылуу келе турган жүктөргө жеңилдетилген тариф киргизилиши керек эле. Мисалы, бүгүнкү күнү Казакстан аркылуу Кыргызстанга 1 тонна бензинди алып өтүү 60 долларды түзөт. Эгерде жүктөрдү ташуу үчүн унификацияланган (бирдиктүү ) тариф киргизилсе, 18 доллардан төлөнмөк. Ал эми жыгач материалдарын транзит менен алып өтүүнүн баасы 1 тоннасы 40 доллар. Жеңилдетилген тариф менен эсептесек 7 гана долларды түзмөк.
 
Мээрим БАКТЫБЕК кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.