Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Жергиликтүү кеңештин депутаттары 11-декабрда шайланат

Саясат
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
492
Президент Алмазбек Атамбаев, бүгүн 10 октябрда "КРдин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 11-декабрына дайындалды.  Мындан тышкары, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону КР мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Маалыматта Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президент аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлөрү айтылууда. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.