Курс НБ на 19.09.2018 $69,2467 €81,0325

Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун Анкарадагы бюстуна барып гүл койду

Саясат
11 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
106
Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарында  10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барып, Ч.Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.
Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кечээ, 9-апрелде түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, Жээнбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды кыргыз элинин залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын белгилеген. 

“Менин Түркияга болгон расмий сапарым “Айтматовдун жылына” туш келди — бул тарыхый окуя”, — деп баса белгилеген өлкө башчы.

Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө бюст орнотуу идеясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине таандык жана жазуучунун 2014-жылы белгиленген 85 жылдык мааракесине арналган. Бул идеяны Анкара шаарынын мэриясы колдоп, бюстту даярдоого каражат бөлгөн. Бюсттун автору кыргызстандык скульптор Чынгыз Шакеев.


 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.