Курс НБ на 28.11.2020 $84,7984 €101,1815

“Жаңы-Мезгил” саясий партиясынын саясий кеңешинин башчысы Рита Сулайманова:“Жаңы-Мезгил” жаңыланууну көздөйт”

Саясат
17 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
28
Жаштар биздин келечегибиз
“Бармак тиштетип, түмөн түйшүккө кириптер кылар бул чексиз эркиндигибиз биздин улуттук үрп-адатыбыздын, салтыбыздын азып-тозгондугуна алып келеби, же орошон тарыхыбыздан айрылабызбы, айтор изсиз туңгуюкка кептелер бекенбиз”- деп Чыңгыз Айтматов атабыздын айтканы бар. Элибиздин тартаар түйшүгүн, кыйынчылыктарын ар убак жүрөгү менен сезип, алдын  ала айтканын караңыздар. Каада-салттарыбызды, руханий байлыктарыбызды өздөрүнө сиңирген мыкты, тажрыйбалуу инсандардан элибиз жарды эмес. Алардын жолун улап, кеп-кеңештерине маани берип, замандын талабына ылайык, өз билимин өркүндөтүп, өсүүгө карай багыт алган жаштарыбыз жыл санап көбөйүп жатат. Алардын бийик максаттары көп, колдоо көрсөтүшүбүз зарыл.
Карап көрсөк ар жылы биздин мыкты бүтүрүүчүлөрүбүз дипломдорун колго кармаган бойдон чет өлкөлөргө иштөөгө кетип, айрымдары кара жумушка киришип, кээ бирлери дүйнөлүк деңгээлдеги ири компанияларды багынтып, өз билимин, болгон күчүн сыртка жумшап жатышат. Буга чекит коюучу убакыт келди деп сөз жүзүндө айтып жатабыз, иш жүзүнө ашыруу бир топ оорчулукка турат. Себеби, маяна бизде аз. Бизге мүчө болгон билимдүү, тажрыйбалуу жаштарыбыз арбын. Мен эне катары алардын чет өлкөдө, бөтөн элде кыйналып иштеп, ден соолуктарынан айрылышын каалабайм.
Партиянын тарыхынан учкай кеп
Өлкөбүздө жаандан кийинки козу карындай жайнаган партиялар айрыкча шайлоо алдында оргуштап пайда боло калышат да, ошо менен шайлоодон өткөнү өтүп, өтпөгөнү өлкөбүзгө пайдалуу иш жасап жатабы же жокпу ал жагы өзүнчө туңгуюк. Бул жагынан партияларга болгон ишенимди төмөндөтүп жатат. Биздин партия булардан айырмаланып 2006-жылы түптөлүп, ошол мезгилде раматылык Базаркулов Аскарбек Базаркулович жетектеген. Ал эми шаардын тегерегиндеги жаңы конуштарды ушул адам түптөп кеткен. Өзүңүздөргө маалым болгондой ошол мезгилде ички миграция күч алып, шаарга келгендердин турак жайга болгон муктаждыктары өсүп турган. Ошол учурда 2008-жылы Өкмөттүн №295 токтомунун негизинде 500 га жердин 150 гектары “Жаңы-Мезгил” партиясына ыйгарылган. Ушул күнгө чейин оңунан чечилбей келет. Негизинен биздин партияга мүчө болуп киргендер – бул карапайым элдер, анын ичинен жаштар басымдуулук кылат. Алардын көбү үйгө муктаждар. Азыркы учурдун талабына жараша көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча долбоорду ишке ашырып, элге болгон көмөгүбүздү көрсөтсөк деген изги тилегибиз бар.
Ак элечек уз апалар, ак калпактуу аталар баарыбызга үлгү
Биздин партияда ар тармактын адистери топтолгон. Ошол эле учурда сабырдуулукту, нарктуулукту, элибиздин баалуулуктарын даңазалаган улуу муундагы апаларыбыз, аталарыбыз да бар. Апаларыбыздын демилгеси менен “Асыл апалар” кол өнөрчүлөр тобу түзүлүп, бүгүнкү күндө да өз ишин улантып келишет. Мындагы негизги максат – улуттук кол өнөрчүлүктү жок болуп кетүүдөн сактоо. Муундан-муунга өткөрүп берүү.
 Муну менен гана чектелбестен, тигүү цехтерди ишке киргизүү, канчалаган жарандарыбызды иш менен камсыздоо жана жогорку сапаттагы кийимдерибизди чет мамлекеттерге чыгаруу, таанытуу – биздин негизги максаттарыбыздын бири. Бул учурдун талабы.
 Кыргыз эли мал киндиктүү эл болобуз. Ошого байланыштуу алардын сапаттуу жүнүнөн уз апалар, эже-сиңдилер не деген керемет буюмдарды жасашып, не деген саркеч кийимдерди тигип жатышат. Алтын колдордон даярдалган ала кийиз, шырдактар, килемдер, чийден токулган буюмдарыбыз башка улуттардын кызыгуусун арттырып, туристтердин агымын күчөтүп, суктануусун жаратат деген ойдобуз.
Дыйкандын эмгеги өнүгүүгө жол ачат
Дыйкандарга тийиштүү көптөгөн маселелердин чечилиши да Кыргызстандын келечекте өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт. Ар бир жердин шартына карап мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек. Дыйканчылыктын чордону болгон Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер-жемиштин канчалаган түрүн экспорттоо боюнча биздин жаштардын алгылыктуу программалары ишке ашса, карапайым дыйкандарыбызга чоң жардам болор эле. Кайракы жерлерибизди ишке киргизүү бизде анчалык жыйынтыгын бере элек. Бул багытта тамчылатып сугарууну өркүндөтүп жемишин көрсөк болот. Ошондой эле күнөскана куруу партиянын агрардык секторун өнүктүрүүнүн биринчи планы болуп эсептелет. Буюрса алдыда программабыз жаңыланып, экономиканын өзөгүн түзгөн агрардык жактан өнүгүүнүн пландарын биринчилерден болуп элдин талкуусуна койсок деп турабыз.
 Акыркы учурда биздин партиянын жаштар канатынын мүчөлөрү өлкөбүздү кризистен чыгаруунун жолдорун талкуулашып, пландарын түзүп, берилүү менен иштеп жатышканы мени абдан кубандырат.
 
“Жаңы-Мезгил” саясий партиясын тандоого эмне түрткү болду?
Капалбаев Сатымбай,
партиянын төрагасынын орун басары:
 - Эл менен тыгыз байланышта иш алып барган жана алдыга койгон программасында элди жакырчылыктан алып чыгуунун жолдорун дааналап көрсөткөн партия катары баалайм. Ошондуктан, мен бул партия менен иштешүүгө белсендим.
 
 Табылдиев Шералы, партиянын борбордук аткаруу комитетинин төрагасы:
- Мезгилдин талабына ылайык тандоом ушул партия болду. Өлкөбүздөгү саясий кыйын кырдаал, оор абал чыңалып турган мезгилде аталган партияга болгон ишенимим артты. Дегеним аң-сезим, жаңы ой-пикирлерибиз, келечекке болгон үмүттөрүбүз дегеле, ниетибиз дал келгендиктен тандоодон жаңылышкан жокмун деп ойлойм.
 “Жаңы-Мезгил” саясий партиясынын өлкөнү өнүктүрүү, социалдык турак жай боюнча программасын жактырдым. Негизинен ар бир муун өзүнөн кийинки муунга гүлдөп өнүккөн өлкөнү өткөрүп берүүнү атуулдук милдет катары калыптандыруубуз керек. Манас бабабыздын осуяттарынын биринде – Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо керек деп айтылат. Муну менен ар бир кылган иш-аракеттерибизге жоопкерчилик менен мамиле кылсак деген ойду билдиргим келет.
 
 Эгембердиев Асман, партиянын жаштар канатынын лидери:
- Менин Кыргызстанда бренд боло турган кийимдердин тобун түзүп, атайын чакан фабрикаларды ишке киргизип, экономикалык өсүштөргө өз салымыбызды кошсок деген тилегим бар. Бул багытта менин көз карашым партиянын программасына туура келгендиктен тандоом туура болду деп эсептейм. Биздин негизги максаттарыбыздын бири – Кыргызстанды ааламга таанытуу.
Дуйшебаев Айбек:
- Борборубуз Бишкек шаары илгертен жашыл шаар аталып келген. Биз бул жолду бузбай сактап калышыбыз керек. Жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө жаштар өзгөчө көңүл буруубуз зарыл. Жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу менен ден соолукка да кам көрө алабыз. Бул боюнча бардык муундагы жарандарыбыздын маданиятынын жогорулаганын байкоого болот.
 Ошол эле учурда “Жаңы-Мезгил” саясий партиясы өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүүсүн колдойт. Бул менин жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү каалоом.
 
 Айзада Дүйшөнбаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу