Курс НБ на 21.10.2019 $69,7890 €77,9334

Жаш дипломаттардын жайкы мектеби өз ишин баштады

Саясат
25 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
86
24-июнда Ыссык-Көлдө Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык офисинин колдоосу менен К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия өткөрүүчү Афганистан, Монголия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш дипломаттары үчүн төртүнчү эл аралык жайкы мектеби өз ишин баштады. Дипломатиялык академиянын Ректору Чинара Адамкулова салтанаттуу ачылыштагы куттуктоо сөзүндө жайкы мектеп аймактагы кызматташтыктын көйгөйлөрүн жана келечегин тууралуу сөз сүйлөдү.
Жайкы мектептин ишине Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын, Казахстандын, Туркменистандын, Афганистандын жана Монголиянын тышкы иштер министрликтеринин кенже звеносунун дипломаттары катышууда. Иш - чараны өткөзүүнүн максаты аймактын дипломатиялык кызмат өкүлдөрүнүн өз ара тыгыз мамилесин өнүктүрүү жана белгиленген тематика боюнча  пикир алмашуу болуп саналат. 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.