Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Замандаш партиясынын программасы тааныштырылды

Саясат
29 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
49
Бишкекте 26-октябрда  «Замандаш» саясий партиясынын “Келечек 4.0” аталышындагы программасы тааныштырылып, мында өлкө экономикасын көтөрүү, Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу башкы максат экенин партиянын төрөгасы Жеңиш Молдокматов белгиледи. Партия 2007-жылы Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспораларынын «Замандаш» Ассоциациясынын негизинде түзүлгөн. Республика боюнча бардыгы 24 аймактык бөлүм, 2000 ден ашуун партиянын баштапкы уюмдары түзүлдү. "Замандаш" саясый партиясынын негиздөөчүсү маркум Муктарбек Өмүракунов болгон.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу