Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

Владимир Путин абдан ыраазы

Саясат
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
481
28-январда телефон аркылуу байланышка чыккан Орусиянын Президенти Владимир Путин Сирия маселеси боюнча Астанада сүйлөшүүлөрдү уюштуруп бергендиги үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирди.
Ал сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде өткөндүгүн жана бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Нурсултан Назарбаев Сирия кризиси ушундай тынчтык сүйлөшүүлөр аркылуу чечилгени оң деген оюн билдирди жана кризисти чечүү процессине колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экендигин кошумчалады.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.