Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Вице-спикерлик кызматка Аида Касымалиева сунушталды

Саясат
17 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
176
14-декабрда КСДП фракциясынын отурумунда ротацияга байланыштуу Асел Кодуранова Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеӊешинин төрагасынын орун басары кызматынан чакыртылып алынды. Ошол эле учурда анын ордуна Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Касымалиеванын талапкерлиги  каралды. Вице-спикерлик кызматка талапкерди кароо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитетинен өтүп, андан кийин парламенттин жалпы жыйынына алып чыгылат. Белгилей кетсек, Аида Касымалиеванын талапкерлиги КСДП фракциясы тарабынан бир добуштан колдоого ээ болду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.