
Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

Вице-спикер болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды
Бүгүн, 27-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Нурбек Сыдыгалиев шайланды. Буга чейин аталган кызмат ордун ээлеп келген депутат Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Нурбек Сыдыгалиевден башка вице-спикерликке Уланбек Исмаиловдун ("Өнүгүү-Прогресс") да талапкерлиги коюлган. Бирок, Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш менен вице-спикер болуп шайланды.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек