Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргыз-тажик чек арасындагы тынчтыктын сакталышы негизги саясий жетишкендик болуп саналат (фоторепортаж)

Саясат
23 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
510

«Кыргыз-тажик чек арасындагы тынчтыктын сакталышы негизги саясий жетишкендик болуп саналат»,- деди Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 22-ноябрда, эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөт аралык комиссиясынын 15-кеңешмесинин жыйынында.

«Тажикстан Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн негизги соода-экономикалык өнөк катары эсептелет. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 79 млн АКШ долларына жеткен, ал эми 2016-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 13 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16%га кыскарган. Буга объективдүү себептер бар, анын ичинде жалпы дүйнөлүк каатчылык себеп болууда. Буга катар аталган сандык көрсөткүчтөр эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты интенсификациялоо тууралуу ойлонууга муктаж кылууда. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуусу өз-ара пайдалуу соода-экономикалык байланышты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачууда, анткени бул товарларды алымсыз, капиталды, жумушчу күчтү жана тейлөөнү эркин жүгүртүүгө алып келет. Мен кызматташтыктын ырааттуу өнүгүүсү эки өлкө кызыкчылыктарына туура келет жана бир тууган элдердин бакубаттуулгун арттырууга шарт түзөт деп ишенем», – деп белгиледи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөт аралык комиссиянын теңтөрагасы Азим Иброхим өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Орун алган сүйлөшүүлөр өлкөлөр эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маани берээрин далилдеди. Жолугушуу жүрүшүндө энергетика,  суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, тоо-кен өндүрүү, өндүрүш, айыл чарба, туризм, чек ара тармактарындагы кызматташтыкка тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоого мүмкүндүк болду. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүүлүгүн эске алуу менен тажик тарап келерки биргелешкен өкмөт аралык комиссиянын жыйындарына алынып чыгуучу экономикалык блоктогу маселелерди күчтөндүрүү үчүн чыгууда», – деди Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим.

Жыйын соңунда тараптар эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөт аралык комиссиясынын15-кеңешмесинин Протоколуна кол койду, анда сүйлөшүүлөр учурунда талкууланган маселелердын жыйындысы камтылган.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.