Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева: "Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти"

Саясат
06 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
85
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту.
 «Билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти», - деди Эльвира Сурабалдиева жана билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого мүмкүндүк берген ушундай жолугушуларды өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
 Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, актуалдуу маселелердин жыйындысы талкууланды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу