Курс НБ на 18.09.2020 $78,9597 €93,1961

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Саясат
07 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
38

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты. 

Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. 

Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты. 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу