Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Венесуэланын вице-президенти дайындалды

Саясат
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
333
Венесуэланын президенти Николас Мадуро министрлер кабинетинин интерактивдик отурумунда Тарек Эль-Айссами өлкөнүн жаңы вице-президенти болуп дайындалганын жарыя кылды.
Бул кадам эгерде оппозициялык парламенттин талабы боюнча Н.Мадуро отставкага кетүүгө аргасыз болгон учурда жаңы вице-президент мамлекетти жетектөөсү үчүн жасалып олтурат.
Анткени, өлкөдөгү кырдаал тез өсүп жаткан инфляциянын, мунайдын дүйнөлүк баасынын төмөндөөсүнүн, ошондой эле  мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликтердин ортосундагы тирешүүлөрдүн айынан пайда болгон оор экономикалык абалдан улам начарлап баратат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.