Курс НБ на 20.01.2021 $84,7995 €102,6837

Усмановдун байлыгы эмес, эмгеги жогору бааланды
Орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстандын Наманган облусунун Чуст шаарында 1953-жылы туулган.
Ал USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү. Байлыгы 20 млрд долларга жакын жана орусиялык байлардын жалпы тизмесинде 3-орунда турат. 2007-жылы 17-сентябрда ал Сотбис аукционунан Мстислав Ростропович менен Галина Вишневскаянын сатыкка коюлган коллекцияларын 111,750 млн долларга сатып алган жана Орусиянын Өкмөтүнө тартуу кылган. Учурда коллекциялар Санкт-Петербургдагы Константинополь сарайында сакталууда.
2014-жылы 4-декабрда Алишер Усманов Нью-Йорктогу Christie’s аукционунда Джеймс Уотсондун Нобель сыйлыгын 4,1 млн долларга сатып алып, сыйлык ээсине кайтарып берген.
Орусиянын Муфтийлер кеңеши болсо Алишер Усмановду “Аль-Фахр” ордени менен сыйлады. Сыйлыкты Муфтийлер кенешинин башчысы Равиль Гайнутдин Москванын собордук мечитинин башкы залында тапшырды.
Орусиянын муфтийлер кеңешинин башкы сыйлыгы болуп эсептелген “Аль-Фахр” ордени 2003-жылы уюштурулган. Буга чейин орден Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго жана Татарстандын биринчи президенти Минтемир Шаймиевге ыйгарылган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек