Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Улукбек Кочкоров Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратына тааныштырылды

Саясат
26 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
68
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз РеспубликасынынЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына 
Улукбек Кочкоровду жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Азамат Жаманкуловду тааныштырды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы дайындалган министрлердин кесиптик тажырыйбасын белгилеп, алардын  жетекчилиги астында  аталган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө  жакшы жагына  өзгөрүүлөр болоруна ишенимин билдирди.
Ошондой эле вице-премьер-министр бүгүнкү күндө   Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин  жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астында турган биринчи милдеттерге токтолуп, Улукбек Кочкоров менен Азамат Жаманкуловдун ишине ийгиликтерди каалады.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу