Курс НБ на 26.04.2019 $69,8383 €77,8488

Улан Абилов КР Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Саясат
12 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
92

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин башка Жарлыгы менен Абилов Улан Женишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу