Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду

Саясат
22 - Март 2017
www.erkintoo.kg
561
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-мартта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясый багытын жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берилди.
Президент Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев андан тышкары Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сөз жок эске алуу менен өлкөнүн тышкы саясый приоритеттерин андан ары өнүктүрүү боюнча ишмердиктин багытттарын талкуулашты.
Андан тышкары жолугушууда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен негизги тышкы өнөктөр менен кызматташтыкты тереӊдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды жүзөгө ашыруу пландары талкууланды. 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.