Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Түркиянын парламенти башкаруунун президенттик формасына өтүүнү колдоду

Саясат
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
326
Түркия 1923-жылдан бери келе жаткан парламенттик башкаруу формасынан президенттик башкарууга өткөнү калды. Бийлик партиясы сунуштаган конституциялык реформада камтылган мындай демилгени биринчи окуудан кийин парламенттеги 550 депутаттын 481и колдоого алды.
9-январдан бери мыйзам долбоору абдан кызуу талкууланып, ал турсун кызыл чеке болгон абалга чейин жеткендигин Анадолу агенттиги бүгүн, 16-январда  маалымдады.
Өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин укуктары кеңейтилет. Маселен, ал жарлыктарга кол коюуга, министрлерди дайындоого, конституциялык өзгөртүүлөрдү референдумга алып чыгууга укуктуу болот. Ошол эле учурда президент саясий партиянын мүчөсү бойдон кала алат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.