Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өтүүдө

Саясат
31 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
56

Жогорку Кеңеште кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өтүүдө. Бул жолку отурумга тийиштүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен “Азаттык" үналгысынын жетекчилери чакырылган. Алар депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Жыйын жүрүшүндө “Азаттык" үналгысынын директору Айзада Касымалиева Айэркен Саймаити менен Райымбек Матраимов иликтеген журналист Али Токтакунов азыркы учурда «Азаттыктын» Прагадагы (Чехия) борбордук кеңсесинде иштеп жаткандыктан, комиссиянын отурумуна катыша албай турганын, аны менен интернет аркылуу онлайн режиминде байланышса болорун билдирди.

Депутат Мирлан Жеенчороев комиссиянын келерки отрумуна Райымбек Матраимовду, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкуловду да чакырып, айрым бир суроолорго жооп алуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан 700 млн доллар көлөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып кеткен деп айыпталган кытай ишкери Айэркен Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Журналисттик иликтөөдө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго да ага катышы бар деген доомат коюлган.

Эсе салсак, депутаттык комиссиянын курамында төмөнкү депутаттар бар: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, "Республика - Ата Журт" фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, "Кыргызстан" фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, "Ата Мекен" фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу